Меню
Эл-Сөздүк

Хранение ценностей в банке

БААЛУУЛУКТАРДЫ БАНКТА САКТОО – КР жарандык мыйзамдары боюнча, сактоонун өзгөчө түрү. Банк баалуу кагаздарды, асыл металлдарды жана таштарды, башка асыл буюмдарды, анын ичинде документтерди сактоого кабыл ала алат. Б. б. с. келишиминин түзүлгөндүгү буюм сактоочуга банк тарабынан берилүүчү аты жазылган өздүк сактоо документи менен ырасталат, аны көрсөтүү сакталып турган баалуулуктарды буюм сактоочуга берүүгө негиз болуп саналат. Б. б. с. келишиминде кардарга банкта өзүнчө сейф (сейфтин көзүн, өзүнчө жайды) пайдаланууга берүү каралышы мүмкүн. Мындай келишим боюнча кардар баалуулуктарын сейфке өзү са-лат жана алат, бул үчүн ага сейфтин ачкычы, кардарды таанып-билүүгө мүмкүндүк берүүчү карточка, же кардардын сейфке жана анын ичиндегилерди алуу укугун ырастоочу башка белги же документ берилет. Банк кардарга берилген сейф турган жайга кирүүнү көзөмөлдөп турууга милдеттүү. Келишимде атайын каралбаган учурда банк, эгер келишимдин шарттары боюнча кардардын катышуусуз сейфти ачууга же жабууга мүмкүн эместигин, же болбосо алжеткис күчтүн кесепетинен улам мүмкүн болгонун далилдей алса, сейфтин ичиндегилердин сакталбай калгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Хранение ценностей в банке

Русский Кыргызский
О Национальном банке Кыргызской Республики Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө
Декларация вступает в силу с даты его сдачи на хранение. Арыз аны депонирлеген датадан тартып күчүнө кирет.
Такое заявление сдается на хранение Генеральному директору. Мындай арыз сакталууга Генералдык директорго берилет.
Транспортировка, хранение и переработка минерального сырья. Минералдык чийки затты ташуу, сактоо жана кайра иштетүү.
Лица приобрела зарегистрироваться, заплатив золото в этом банке. Адамдар банктарга алтын төлөп, эсеп ачышкан.
Документы о присоединении сдаются на хранение Генеральному директору. Кошулуу жөнүндө Актылар Генералдык директорго сактоого берилет.
В аккаунте WinnerSport ваши деньги управлять так же, как это делается в банке. Сиздин WinnerSport эсебиңизде акчаңыз банктагыдай эле тескелет.
Наоборот, она характеризуется абсолютизма о фундаментальных ценностей. Ага, тескерисинче, башкы баалуулуктарга карата айтылган абсолютизм мүнөздүү.
Материальных ценностей выдаются из государственного материального резерва Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервден чыгаруу
Вы можете делать ставки на реальные деньги только после сдачи на хранение вашего счета. Сиз эсебиңизди толтургандан кийин гана реалдуу акча менен акча сая аласыз.
Обеспечение перевозки материальных ценностей государственного материального резерва Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдү ташууну камсыз кылуу
Документы о ратификации или присоединении сдаются на хранение Генеральному директору. Кошулуу жөнүндөгү ратификацияланган грамоталар жана актылар Генералдык директорго сактоого берилет.
Участник, имеющий счет в Национальном банке и прямое коммуникационное соединение с системой. Улуттук банкта эсеби бар жана тике коммуникациялык туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ катышуучу.
Основания и порядок выдачи материальных ценностей из государственного материального резерва Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик резервден чыгаруу негиздери жана тартиби
Деньги в обращении плюс резервы депозитных корпораций в центральном банке в национальной валюте. Жүгүртүүдөгү акча плюс депозиттик корпорациялардын борбордук банктагы улуттук валютадагы камдары.
Организация поставок материальных ценностей в государственный материальный резерв и его размещение Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшырууну уюштуруу жана жайгаштыруу
Номенклатура материальных ценностей в государственном материальном резерве и стандарты их накопления Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык дөөлөттөрдүн номенклатурасы жана аларды топтоо ченемдери
Специфика питания, размещения и хранения материальных ценностей государственного материального резерва Материалдык дөөлөттөрдү мамлекеттик материалдык резервге тапшыруу, салуу жана сактоо өзгөчөлүктөрү
До этой даты, копия не упомянутых в пункте (1) (а) сдаются на хранение правительству Французской Республики. Бул күнгө чейин (1) а пунктунда көрсөтүлгөн нуска Француз Республикасынын Өкмөтүнө сактоого берилет.
приверженность социальной справедливости, прав человека и общечеловеческих культурных и моральных ценностей; социалдык теңчиликке жакындашуу, адамдын укугун сактоого жана жалпы адамзаттык маданий жана моралдык баалуулуктарга берилгендик;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: